Бүгүн, Олимпиада оюндарынын 8-күнүндө 21 топтом медаль ойнотулат

Бүгүн, Олимпиада оюндарынын 8-күнүндө 21 топтом медаль ойнотулат.

Кыргызстандык спортчу Бакдөөлөт Рыскулбеков оор атлетика боюнча

96 килограмм салмакка чейинкилер арасында күч сынайт. Мелдеш Бишкек

убактысы боюнча 5ке 10 мүнөт калганда башталат. Белгилеп кетсек,

Токиодогу оюндарга Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алган, учурда

биздин олкөдө бир дагы байге жок. Олимпиада 8-августта жыйынтыкталат.