Бүгүнтөн тарта 16 мамлекеттик орган ишкерлерди текшерүү укугуна ээ болду.
Тиешелүү документти Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 18-апрелде бекиткен.
Ишкердикти текшерүүгө укугу бар органдардын тизмеси төмөнкүлөр:
- 1)Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
- 2) Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги
- 3) Баалуу металлдар департаменти
- 4) Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти
- 5) Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл кызматы
- 6) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти
- 7) Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек департаменти
- 8) Социалдык эмгек министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы
- 9) Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук кызматы
- 10) Айыл чарба министрлигине караштуу Жер-суу көзөмөлдөө кызматы
- 11) Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы көзөмөл кызматы
- 12) Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы
- 13) Мамкурулуш алдындагы архитектуралык-техникалык контроль боюнча башкарма
- 14) Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик
- 15) Унаа жана жолдор министрлигине караштуу Транспорттук коопсуздук чөйрөсүндөгү контролдоо жана көзөмөлдөө департаменти
- 16) Айыл чарба министрлигинин алдындагы химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаменти