Кыргызстандын агроөнөр жай комплексин колдоого Евразия өнүктүрүү банкы 8 миллион доллар бөлөт.
Ал үчүн мамлекеттик банктардын бири аркылуу кредиттик линия ачылат.
Тиешелүү макулдашууга Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумдун алкагында кол коюлду.
Долбоордун максаты – тармакты өнүктүрүү болуп саналат.