Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте 14, Нарында 2, Ош шаарында 25, Ош облусунда 7 адам ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан, Кыргызстанда коронавирусту жеңгендердин саны 302ге жетти.