Балдар адабиятына сынак жарыяланды

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдар адабияты тармагында сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат:
  • балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);
  • балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);
  • балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн.
Сынакка чыгармалар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана мекемелер тарабынан көрсөтүлөт.
Чыгармалар басмаканалык шрифт менен басылган түрдө алты нускадан кем эмес санда берилет.
Материалдар 1-мартка чейин иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданияты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан кабыл алынат.
Сыйлыктар 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө тапшырылат.
Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78.
Байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.