Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дайындалды.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, орунга Дастан Дүйшекеев бекитилди.
Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Кошумчаласак, Дастан Дүйшекеев 34 жашта.
Ал 2020-жылдын ноябрынан бери президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.