Чүй облусунун Жайыл районунда көлөмдүү бука 240 миң сомго сатылды.
Турмуш басылмасы билдиргендей, кечээ базарда сатыкка чыгарылган бодо
мал менен сүрөткө түшкөндөр көп болду. Аынн бийиктиги 170 сантиметрге жетет,
салмагы 1 тоннадан ашат. Ал болжолдуу түрдө 600 килограммдан ашык эт берет.
Буканын жашы 3тө. Ал Калдык айылында өстүрүлгөн.