Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү

Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү. Министрлер кабинетинин билдиришкендей, каражат Жол чарба департаментине которулат.

 

Реконструкциялоонун алкагында жолдун жээгин кеңейтүү, асфальт-бетондук катмарын төшөө  жана жасалма конструкцияларды куруу иштери жүрүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, Балыкчы-Барскоон жолунда капиталдык оңдоо иштери 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келген.