Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.

 

Эске салсак, банк ноябрь, декабрь айыларында эле ири интервенция жасап, жалпысынан 140 миллион 300 миң доллар саткан.

 

Белгилеп кетсек, былтыр 16 жолу интервенция жасалып, жалпысынан 702 миллион 950 миң доллар сатылган болчу.