Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү

Балыкчы-Барскоон жолун оңдоого 250 миллион сом бөлүндү. Министрлер кабинетинин билдиришкендей, каражат Жол чарба департаментине которулат.   Реконструкциялоонун алкагында жолдун жээгин кеңейтүү, асфальт-бетондук катмарын төшөө  жана жасалма конструкцияларды куруу иштери жүрүп жатат.   Белгилеп кетсек, Балыкчы-Барскоон жолунда капиталдык оңдоо иштери 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келген.

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды.   Эске салсак, банк ноябрь, декабрь айыларында эле ири интервенция жасап, жалпысынан 140 миллион 300 миң доллар саткан.   Белгилеп кетсек, былтыр 16 жолу интервенция жасалып, жалпысынан 702 миллион 950 миң… Кененирээк…