Кыргызстанга Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди

Кыргызстанга Россиядан дээрлик 400 тонна азык-түлүк жеткирилди. Аталган өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, 337 тонна байытылган ун, 60 тонна өсүмдүк майы Ошко багытталат.

 

Азык-түлүк коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүүгө жана Кыргызстандагы мектептерди ысык тамак менен камсыздоого жардам бере турган долбоорлор аркылуу аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилет.