FIFA биринчи жолу футзал боюнча рейтинг жарыялады

Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы 139 команданын ичинен 41-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) алгачкы жолу футзал боюнча рейтингди жарыялады. Буга чейин сайты түзүп келген.
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) зонасында кыргыз футзалчылары 10-орунду ээлешкен. Дүйнөдөгү эң күчтүү беш команданын катарына Бразилия, Португалия, Испания, Иран жана Аргентина кирди.
Соңку Азия кубогунда кыргызстандык футзалчылар чейрек финалга чейин жетип, күзүндө Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо ала албай калган.