Баткен облусунда өрүктөр бышып, чет өлкөлөргө экспорттоло баштады.
Быйыл өрүктөр сортуна жараша килограммы 50 сомго чейин сатылып жатат.
Бул былтыркыдан 20 сомго кымбат, — дешти облус жетекчилигинен. Маалыматка
караганда, облус аймагында 10 миң гектарга жакын өрүк аянты бар. Анда 20га жакын
сорт өндүрүлөт. Ал эми жылына орточо эсеп менен 8 миллиард сом киреше түшөт.