Эртеңден тартып Кыргызстандан Россияга туруктуу аба каттамдардын саны көбөйтүлөт.
“Манас” эл аралык аба майданынан билдиришкендей, учактар жумасына 6 ирет жүргүзүлөт.
Талаптарга ылайык, кыргызстандыктарда Россияга уча турган күндөн 3 сутка кем эмес
убакта ковиддин жок экенин тастыктаган аныктамасы болушу керек.