Баткен облусунун бир катар ишкерлери жана жарандары үчүн киреше салыгынын ставкасы
эки эсе азайтылды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, жеңилдиктер
берилгенден кийин салыктын көлөмү 10 пайыздан 5 пайызга түштү. Салык кодексине ылайык
мындай салыктык жеңилдиктер 2 багытта берилет. Белгилеп кетсек, былтыр жазда Баткен
облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик участогундагы окуялардан жабыр
тарткан субъекттердин кырдаал боюнча салыктык карыздары эсептен чыгарылат.