Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу мектеп окуучуларына ысык тамак берилбей жатат.
Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, мектептерде 7 сомго ысык тамак уюштуруу кыйынга турууда. Учурда азык-түлүктүн баасы токтобостон,
жогорулап жатат. Андан улам азык-тулүккө бөлүнгөн каражатты көбөйтүү боюнча каржы
министрлигине кайрылуу жиберилди.