Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базар курулат

Баткен облусунун Раззаков шаарында мал базар курулат. Тендерди мэрия алдындагы муниципалдык мүлк департаменти жарыялады.

 

Долбоорго 11 миллион сом багытталат деп пландалууда.

 

Бул суммага аткаруучу компания аянтты пландаштырып, айланасын тосуп, скважина бургулоо иштерин жүргүзүп, электр линияларын өткөрөт. Ошондой эле, мал базарга кире бериш жолдун курулушу дагы каралат.