Кургакчылык жана аптаптуу ысыктан улам быйыл эгин аз жыйналды.
Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, түшүм 394 миң гектардан жыйналган, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу эки пайызга аз.
Ысыктан улам буудай түшүмүнүн көлөмү 29,7 пайызга кыскарса, арпаныкы 43,6 пайызга азайган. Ал эми картошканын түшүмү 8 пайызга, жашылчаныкы 3,8 пайызга, мөмө-жемиштики 1,7 пайызга жогорулаган. Бул эгилген аянттын кеңейгенине байланыштуу.