Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуккан бейтаптардын баары сакайды

Ысык-Көл облусунда COVID-19 жуккан бейтаптардын баары сакайды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Мирбек Сагынбаев билдиргендей,

бүгүн коронавируска кабылган бейтаптын акыркысы ооруканадан чыгарылды.

Облуста жалпысынан 10 адам илдеттен айыгып чыкты. Булардын арасында

чет өлкөдө жүрүп ооруган адамдар менен байланышта болуп, кыргызстанга келген жарандар да бар.