Бишкекте №17 үй-бүлөлүк медицина борбору ишин жандантты. Борбордун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова билдиргендей, буга чейин обсервацияда жаткан кызматкерлер бүгүн ишке чыкты.
Инфекциялык ооруканадан коронавирус тастыкталган дарыгерлердин бардыгы чыгарылды. Алар дагы 2 жума үй карантининде болушат. Эске салсак, №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун 8 кызматкери коронавирус жуктуруп алган.
Андыктан анын жамааты толугу менен обсервацияга алынган болчу.