Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, сакайгандардын бешөө Бишкектен, үчөө Нарындан, Жалал-Абад облусунан
беш адам жана бирөө Ысык-Көлдөн. Ушуну менен республика боюнча
614 бейтап коронавирустан айыкты, жалпысынан 871 адам илдетке чалдыкты. 12си каза тапты.