Жалал-Абаддын айрым мектептери толук кандуу салттуу режимге өтөт

Жалал-Абаддын айрым мектептери толук кандуу салттуу режимге өтөт. Мындай чечим шаардык штабдын отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык, 25-январдан тарта окуучулардын саны 900дөн ашпаган мектептер толук кандуу иштеп баштайт.

 

Ал эми башка билим берүү мекемелеринде кадимки форматта азырынча 1-5-9-11-класстын окуучулары гана окуй берет.