Бажы кызматын онлайн көзөмөлдөөчү маалыматтык система орнотулат

Бажы кызматын онлайн көзөмөлдөөчү маалыматтык система орнотулат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Андан такташкандай, 2022-жылга чейин ишке киргизүүгө пландалып жаткан жаңычылдык товарды декларациялоо процессин толугу менен электрондук форматка өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

 

Ошондой эле аймактык жана улуттук транзит көзөмөлдөнүп, бажы статистикасы онлайн жүргүзүлүп калат.