Кочкор районунда спорттук бут кийим чыгарган фабрика ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ишканада 63 жаңы жумуш орду түзүлдү. Бул жерде күн сайын 2 миң жуп бут кийим чыгарылат.
Ишкана Нарын шаарынын эркин экономикалык аймагына кирет. Долбоорго 2 миллион долларга жакын түз инвестиция тартылган.
Заводдун продукциясы Россияга экспорттолот.