Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолуна дагы кар көчкү түштү.
Аталган трасса кыймылга жабык. Бул тууралуу Унаа жана жол министрлигинен
novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа
районунда аталган тилкенин 77-чакырымына кар массасы түштү.
Учурда аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Эске салсак, аталган тилкенин 85-чакырымына кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу кечээ жол жабылган.
Ал эми өлкө аймагындагы башка трассалар кыймылга ачык, — дешти министрликтен.