Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады

Бишкектеги көчөлөрдүн кесилиштерине чакмак жол чийиндери чийиле баштады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Пилоттук долбоор ордо калаадагы тыгындарды азайтуу, ошондой эле жол кырсыктарынын алдын алуу максатын көздөйт. Ага ылайык, Чүй, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев көчөлөрү менен Манас проспектиси кесилишкен аймакта, Чүй проспектиси — Тоголок Молдо көчөсүндө чакмак жол чийиндери пайда болот.

 

Учурда мындай жол белгиси Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишине чийилди.