«Айыл чарбасын каржылоо — 12» долбоорунун алкагында дээрлик 313 млн сомго насыя берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо — 12» долбоорунун алкагында дээрлик 313 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

 

Белгиленгендей, кредит өсүмдүк өстүрүү  жана мал чарбачылык категориялары боюнча берилет. Жалпысынан 741 адам насыя алды.