Баткенде жабыркагандардын саны өсүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда ооруканага түшкөндөр жана жаракат алгандар тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, Баткен облусунун аймактык ооруканасына жети киши жаткырылды.

«Алардын экөөсүнүн абалы оор. Жай тургундар эвакуацияланды. Атышуу болгон жерден дагы 15ке жакын жабырлануучунун келиши күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.