Өкмөттө чек арадагы абалга байланыштуу жумушчу топ түзүлдү. Аны вице-премьер-министр Артем Новиков жетектейт. Бул тууралуу президент аппаратынан билдиришти.
Андан тышкары, Тышкы иштер министрлиги окуяны тынчтык жолу менен чечүү үчүн дипломатиялык иштерди жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылышуу чыккан.
Бүгүн Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарында күчөтүлгөн тартип киргизилип, тургундар Баткен шаарына чыгарылды.