Чек ара масалеси боюнча чукул кеңешме өттү

Президент Садыр Жапаров чек ара масалеси боюнча чукул кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Анда өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн башчыларынын маалыматтары угулду. Чукул кеңешменин жыйынтыгында учурдагы кырдаалды жөнгө салуу жана изилдөө үчүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков башында турган жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

 

Тышкы иштер министрлигине дипломатиялык каналдар аркылуу кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча ишти улантуу тапшырылды.