Улуттук банк шылуундардан этият болууну сунуштайт

Улуттук банк шылуундардан этият болууну сунуштайт. Акыркы мезгилдерде социалдык тармактарда 10 миң сомдук грант берилүүдө деген билдирүү тарап жатат. Аны алыш үчүн онлайн-резюме толтуруп, жеке маалыматты толугу менен жазуу керек.

 

Бул жалган маалымат. Улуттук банктан белгилешкендей, жеке маалыматты жана картанын номерин бейтааныш адамдарга берүүгө болбойт.

 

Бул учурда шылуундар картадагы болгон сумманы чечип алышы мүмкүн.