Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан тилкеде орнотулган суу түтүктөрү алынууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма-сөз кызматынан 24 агенттигине билдиришти.
Андан такташкандай, иштерди тажик тарап жүргүзүүдө. Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чектеш аймагындагы Үч-Дөбө тилкесинде ок атышуу болду. Буга тажик тараптын чек аранын такталбаган аймагында суу түтүктөрүн орнотуусу себеп болду. Биздин чек арачылар эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарышкан.