Бензинди арзан саткан өлкөлөр арасында Кыргызстан 21-орунду ээлейт

Бензинди арзан саткан өлкөлөр арасында Кыргызстан 21-орунду ээлейт.

Бул тууралуу Globalpetrolprices билдирди. Рейтингге караганда, алдыңкы саптарда

Венесуэла, Иран, Ангола, Алжир жана Кувейт жайгашат. Бул өлкөлөрдө бензиндин литри

0,35 долларга жетпейт. Ал эми тескерисинче барынан кымбат бензин Гонконгдо

литри дээрлик 2,5 доллар болсо, Нидерланддар жана Норвегияда 2 долларга барабар.

Ал эми коңшу өлкөлөр Казакстан күйүүчү майдын арзандыгы боюнча 7-орунда болсо,

Өзбекстан 28-орунда. Рейтингге жалпысынан 168 өлкө кирди.