Кыргызстанда эл аралык каржы институттарынан келген акча максаттуу пайдаланууда

Кыргызстанда эл аралык каржы институттарынан келген акча максаттуу пайдаланууда.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, жалпысынан пандемия башталган учурдан

тартып эл аралык донорлордон 334 миллион доллар келди. Анын ичинен 205 миллион доллары колдонулду.

Тагыраагы КОВИД-19га каршы күрөшүүгө, калктын аярлуу катмарына азык-түлүк таратууга, буудай сатып алууга

ошондой эле каражаттын бир бөлүгү социалдык төлөмдөргө сарпталды. Калган 129 миллион доллар

Улуттук банктын эсебинде. Эми акчалар өлкөнүн ар багыттагы тармактарын өнүктүрүүгө багытталат.