Кыргызстан 800 миллион сомго буудай сатып алат

Кыргызстан 800 миллион сомго буудай сатып алат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, каражаттын жарымы республикалык бюджеттен,

200 миллион сому коммерциялык банктардан бөлүнөт. Учурда

өлкөнүн материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан

сакталып турат. Белгилеп кетсек, акыркы эки күндө өлкө

базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйдү.

Ал ортодо бааны негизсиз кымбаттаткан ишкерлер аныкталды.

Учурда күнүмдүк пайдаланчу азыктардын баалары турукташты.

Бул үчүн атайы түзүлгөн топ иш алып барып жатат.