Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү

Улуттук банк валюта рыногундагы серпилүүнү жөнгө салуу чарасын көрдү.  Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ 53 миллион 700 миң доллар сатты. Учурда республиканын валюта базарындагы абал туруктуу.

 

Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. Кечээ Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир америкалык валютанын курсу дээрлик үч сомго жогорулап, 72 сом 95 тыйынга жетти.