Бийлик электрондук документтерди кагаз документтерине теңөө демилгесин көтөрдү

Бийлик электрондук документтерди кагаз документтерине теңөө демилгесин көтөрдү.

 

Мындай токтом долбоорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыкты. Документке ылайык, ID-карта, айдоочу күбөлүгү же унааны кайра каттоо күбөлүгү жок болсо, бул документтердин электрондук вариантын “Түндүк” тиркемеси аркылуу көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

 

Муну менен электрондук версия кагаз документтеринде эле юридикалык күчкө ээ болот. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.