Бишкекте №6 көп тармактуу оорукананын аймагында жаңы медициналык мекеме курулуп баштады

Бишкекте №6 көп тармактуу оорукананын аймагында жаңы медициналык мекеме курулуп баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди.

 

Анын айтымында, оорукана 75 орунга чакталат. Курулушка каражатты Катар мамлекети бөлүп берген. Иштер жыл аягына чейин аяктайт деп пландалууда.