Аралыктан окутуу учурунда сабагын калтырган окуучулар көзөмөлгө алынат

Аралыктан окутуу учурунда сабагын калтырган окуучулар көзөмөлгө алынат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери онлайн окуунун ордуна башка иштер менен алектенип жүргөн балдарды аныктоо боюнча иш жүргүзөт.

 

Эске салсак, мектептерде биринчи класстын окуучулары гана салттуу форматта билим алышат. Калган окуучулар эпидемиологиялык абалга карата үйүнөн, аралыктан окушат.