Каржылык кыйынчылыктарга карабай, пенсия өз учурунда төлөнөт

Каржылык кыйынчылыктарга карабай, пенсия өз учурунда төлөнөт. Буга Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева ишендирүүдө. Ал 24 агенттигине билдиргендей, фонд пенсионерлер алдындагы милдеттенмелерин аткарат.

 

Январда Мамлекеттик салык кызматы планды аткара албай калса, Каржы министрлиги керектүү сумманы бөлүп берет, — деди Жуматаева.

 

Белгилеп кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу, социалдык төлөмдөр 2 миллиард сомго кыскарышы күтүлөт. Андыктан, январда пенсия берүүгө акча жок деген маалыматтар тарады.