Бишкекте аба-ырайы өзгөрөт

Бишкекте аба-ырайы өзгөрөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жылуу күндөрдү жаанчыл аба-ырайы алмаштырат. Эртең менен ордо калаада  күн чыкканы менен, түшкө жакын ылдамдыгы секундасына 14 сантиметрге жеткен катуу шамал болуп, жаан жаайт.

 

Аба табы төмөндөйт. Күндүз термометр мамычалары   22 градустан ашык көрсөтпөйт. Бирок 13-сентябрдан тарта кайра жылуу күндөр кайтып келет.