Банк секторунун кирешеси 107 миллиард сомдон ашты

2023-жылы Кыргызстанда Улуттук банк жана 23 коммерциялык банк иш алып барды. Анын 13үнүн чет өлкөлүк капиталы бар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

 

Өлкөнүн аймактарында банктардын 327 филиалы иштеди.

 

Банк сегментинде иштеген кызматкерлердин саны 21 миң адамды түзөт. Ал эми банктардын кардарларынын эсептеринин саны 11 миллиондон ашты.

Өткөн жыл ичинде кардарлардын эсептеринин саны дээрлик 3 миллион эсепке (же 35% га) көбөйдү. Бул көрсөткүч мобилдик банкинг системасын өнүктүрүү жана ага республиканын калкын тартуу менен камсыз болду.

 

Финансылык ортомчулук чөйрөсүнүн кызматкерлеринин номиналдык чегерилген орточо айлык эмгек акысы 2023-жылы 62 миң сомду түзүп, өткөн жылдын деңгээлине салыштырмалуу дээрлик төрттөн бирге көбөйдү.

 

Банк секторунун кирешеси 2023-жылы 107 млрд сомдон ашып, 2022- жылдын көлөмүнө салыштырмалуу 16% га өстү.

Экономиканын банк секторунун суммардык активдери жыл ичинде дээрлик 21% га көбөйдү жана 2023-жылдын аягына карата 1 трлн 58,8 млрд сомду түздү.

Активдердин наркынын болжол менен 58% коммерциялык банктар тарабынан түзүлгөн, ал эми 42% Улуттук банкка туура келет.

10-май банк кызматкерлеринин жана улуттук валютанын күнү.