Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырылды

Жалал-Абадда чек арачыларга батирдин ачкычы менен аскердик техника тапшырылды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, аскерлерге арналып салынган көп кабаттуу үй 67 батирден турат.

 

Ошондой эле 25 жаңы атайын техника өлкөнүн түштүк аймагында чек ара бөлүктөрүнө тапшырылат. Андан тышкары, Чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн имараты да ачылды.