Ош шаарында 3 көчө 7,5 миллион сомго оңдоп-түзөлөт.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда Алиев,
Достук жана Мажрумтал көчөлөрүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү.
Андан тышкары, жолдун эки тарабында лотоктор жана тротуар пайда болот.
Оңдоло турган жолдордун жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт,
кеңдиги 5 метрге жетет. Иштер сентябрдын ортосунда аяктайт