Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча бүгүнкү күнгө карата 3 миллион 703 миң 420 шайлоочу катталды.

 

Алардын 84 миң 128и чет өлкөдөгү шайлоочулар. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.

 

Маалым болгондой, добуш берүүчүлөр боюнча маалымат “Тизме” мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Шайлоочулар өздөрүнүн тилкеси тууралуу маалыматты 1255, 119 номерлерине чалуу менен же tizme.gov.kg сайтынан тактап алса болот. Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.