Парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу суроосу бүгүн каралат

Парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгаруу суроосу бүгүн каралат.

Бул тууралуу БШК төраймы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. Анын айтымында,

12 партиянын лидерлери Жогорку Кеңеш шайлоолорунун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын койду.

Шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү чогулган соң, маселе каралып баштайт.

Эске салсак, парламенттик шайлоолор 4-октябрда өтүп, алдын ала жыйынтык менен 4 партия өткөн.

Жыйынтыктарга нааразы эл Ала-Тоо аянтына чогулуп, ак үйдү басып алышты.