Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт.

 

Буга Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев ишендирүүдө. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,3 миллиард кубометрди түздү.

 

Бул кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүп алууга жетиштүү көлөм, — деди чиновник. Ал эми көз карандысыз адистер жылуулук сезону үчүн Кыргызстанга 16-17 миллиард куб суу талап кылынарын белгилешүүдө. Андыктан,  өлкө электр энергиясын импорттоого аргасыз.