Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолдоруна түшүшү мүмкүн.

Бул трассаларда айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы керек.