Кыргызстанда 1-апрелге чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы өзгөрбөйт

Кыргызстанда 1-апрелге чейин күйүүчү-майлоочу материалдын баасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматы мунай ташуучуларга таянып кабарлады.

 

“Тышкы факторлордон улам” марттан тарта АИ-92 бензини менен дизелдин баасы 70 тыйынга көтөрүлгөнү айтылган. Мунай ташуучулар ишендиргендей, күйүүчү жана майлоочу материалдын баасы 1-апрелге чейин азыркыдай боюнча калат.