Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу чектөөлөр киргизилет

Бишкек-Ош унаа жолунда аба-ырайынын шарттарына байланыштуу чектөөлөр киргизилет.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн күндүзгү саат 3төн эртең мененки саат 8ге чейин тыгындардын жана авариялардын алдын алуу максатында Сосновка өткөрүү түйүнү аркылуу оор жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт.

 

Жол инспекторлору айдоочуларга зарылчылык жок болсо тоолуу трассаларга чыкпай турууну сунуштайт.